АФК Кубогу 2020: Тайпалык баскычтагы бардык оюндар Бишкекте өтүшү мүмкүн

АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун "D" тайпасындагы бардык оюндар Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бишкектик "Дордой" футболдук клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев билдирди.

"Дордой" клубу бул тайпада жалпы 6 оюн өткөрөт. Тайпадагы бардык оюндар Бишкек шаарында же Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүшү мүмкүн. Баары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул маселе сентябрь айынан кийин чечилет", - деди Мусаев.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Түркмөнстандын кесиптик футбол лигаларынын жана АФК өкүлдөрүнүн онлайн-жолугушуусунда АФК Кубогунун тайпалык баскычтагы оюндарын өткөрүү убактысы жана форматы талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, оюндарды коронавирустан улам бир өлкөдө өткөрүү чечими кабыл алынган. Тайпалык баскычтагы оюндарды өткөрүү ниетин Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын өкүлдөрү билдиришкен.

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болгон бишкектик "Дордой" футболдук клубу АФК Кубогунда түркмөнстандык "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Истиклол", "Худжанд" командалары менен "D" тайпасында жайгашкан. Оюндардын бардыгы күзүндө өтөрү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан