Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы психиатры жана наркологу Евгений Брюн жакында эле мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган актёр Михаил Ефремов аракечтиктен арылууну пландап жатса, анда программа боюнча дарылоо бир айга созуларын орусиялык басылмалардын бирине билдирген.
Маалыматка ылайык, дарыгер мындай кайгылуу окуялар чексиз аракечтикке алып келген бир нече адамды билерин айткан. Ал Ефремов дагы мындай абалга туш болушу мүмкүн экендигин баса белгилеген. Ошол эле учурда калыбына келтирүү өмүр бою созулушу мүмкүн жана аны болжолдоо кыйын экендигин айткан. Ошондой эле, нарколог актёр учурда жеке клиникада дарыланып жаткандыгын айтты. Бирок бул убактылуу гана абалды жакшыртатарын, кийинчерээк баары кайрадан жанданарын айткан.
8-июнь күнү кечинде Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалда унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан LADA жеңил жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кийинчерээк LADA унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгон.