Криштиану Роналду Инстаграмдан эң көп киреше тапкан атактуу болду

Атактуу футболчу Криштиану Роналду Инстаграм социалдык тармагынан "Ювентус" футболдук клубуна караганда көп киреше тапкан. Муну менен ал Месси, Бэкхем, эже-сиңдилер Женнерди ашып өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Италиялык "Ювентус" футболдук клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Инстаграмдагы эң атактуу колдонуучулардын бири. Ал Инстаграмдан спортко караганда көп киреше табат. Аталган социалдык тармакта анын 223 миллион катталуучусу бар.

Маалыматта айтылгандай, Роналду 1 жыл ичинде 43 жарнамалык пост жарыялап, 1 миллион 170 миң доллар киреше тапкан. Муну менен анын Инстаграм аркылуу тапкан кирешеси 50 миллион 300 миң долларды түздү. Ал эми "Ювентус" футболдук клубу ага бир жылда 33 миллион доллар төлөп берет.

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси социалдык тармак аркылуу 40 жарнамалык пост жарыялап, андан тапкан кирешеси 30 миллион 400 миң долларды түзгөн.

Инстаграм аркылуу көп киреше тапкан атактуулардын ичинде эже-сиңди Кендал жана Кайли Женнер да бар. Алардын кирешеси Кендал Женнер (25 миллион 600 миң доллар), Кайли Женнер (19 миллион 600 миң доллар). Ошондой эле бул ондукка белгилүү футболчулар Дэвид Бекхэм (11 миллион 600 миң доллар) жана Неймар (8 миллион 100 мң доллар) кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kyrgyz40
2020-06-11 19:12:07
Акчанын озу эшик кагып келишет турбайбы
+3
Eden-Hazard
2020-06-11 19:31:51
Kyrgyz40, Сенда ошондой атактуу болсоң,сенде да ошондой мүмкүнчүлүк болот.
+1
algakaray
2020-06-11 19:54:43
Роналдо бир миллион долларынды мага берчи. Карыздарыман кутулуп, там салып алайын)))
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-06-11 22:19:20
algakaray,100 000 $ сурап тур млн көпго, ошончо карызың көппү?
0
001KG
2020-06-11 19:59:48
Лгбт мүчөлөрүн европалыктар жакшы колдойт негизи.
+1
Romantik.
2020-06-12 00:43:32
001KG, арткы жагың күйүп атканы билинип турат)
0
Krai
2020-06-12 02:41:31
Кудайым буга берген экен. Инстаграмсыз деле бул жагы жетишет эле. Кысталак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан