Өзбекстанда 80 жаштагы карыя биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алды

Коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Хожаабад районунун 80 жаштагы жашоочусу Обиджон Абдунабиев өмүрүндө биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Обиджон Абдунабиев 1940-жылы Хожаабад районунда туулган. Бирок ушул күнгө чейин анын аты-жөнүн, жаш курагын тастыктаган документ болгон эмес. Документтеринин жоктугуна байланыштуу пенсияга чыкпай калган.

Басылмалардын жазганына ылайык, ал төрөтканада эмес үйдө төрөлгөн. Анын атасы 1942-жылы согушка кетип, 1943-жылы согуш майданында каза болгон. Ошол учурда ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-06-12 03:28:32
Алса болот экен го кайсы бир сайттан окуганым эсимде жок балким ушул эле суперден окудумбу. Айтор бизде 117 ге чыккан жараныбыз бар экен го. Бирок ал дагы ушундай окуяга туш болуп эч кандай тастыктоочу документтери жок болгондуктан паспорту жок экен деп. Дүйнөнү эң каары адамы 112 жаштагы адам деп жүрөт балким ошол адамга да паспорт алып беришсе мүмкүн эң узак жашаган адам наамы берилип калат беле дейм да. Балким бирөө жарымынан окугандырсынар ошол теманы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан