Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремов өз үйүндө жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, актёрдун туугандары анын моюнундагы тактар менен эс-учун жоготкон абалда жатканын көрүшкөн. Бул тактар моюнуна жип салып асылгандагы тактар экени дароо байкалган соң ага психиатр жана "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Ал өзүнө келгенде, моюнундагы тактар эмнеден улам пайда болгонун эстей албай жаткандыгын айткан. Дарыгерлер Ефремовдун өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын байкаган. Учурда психиатрлар дагы деле аны менен иштешүүдө.
8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.