Актёр Михаил Ефремов жараткан автокырсыкта каза болгон жарандын 87 жаштагы апасына кабар угузула элек

Орусиялык актёр Михаил Ефремов жараткан жол кырсыгында каза болгон жарандын апасына кабар угузула элек. Мындай маалыматты маркум Сергей Захаровдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон жактоочу жергиликтүү телеканалдардын биринде айткан.

Жактоочунун айтымында, кырсык тууралуу маркумдун апасына эч нерсе айтыла элек. Анткени маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү апасы мындай суук кабарды көтөрө албай калат деп чочулоодо. Мындан тышкары каза болгон Сергей Захаровдун үй-бүлөсү актёр тарабынан каражат сунушталса, андан баш тартышат. Себеби окуя катталган күндөн бери Ефремов жана анын жакындарынан эч ким кечирим сураган эмес. Жабырлануучу тарап күнөөлүү жактардан кечирим суроосун күткөн деп билдирген жактоочу.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

Актёр 2 айга үй камагына алынган. Ал 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aydinnur
2020-06-12 11:46:09
Эски кабар бул,ал адамдын апасы укмак тургай,чиркоодон озун жаман сезди деп кечээ эле айтылып жаткан башка кабарларда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан