Түндүк Кореянын лидери Орусия күнүнө карата Путинге куттуктоо телеграммасын жиберди

Бүгүн, 12-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусия күнүнө карата Орусиянын президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жиберди. Бул тууралуу Түндүк Кореянын телеграфтык агенттигинин маалыматына таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Орусия күнүнө карата Түндүк Корея өкмөтүнүн жана элинин атынан Орусия элине, өкмөткө жана сизге ысык салам менен куттуктоо жолдойм. Бүгүнкү күндө орус эли сиздин кубаттуу башкарууңузда. Орусиянын бардык кыйынчылыктарды тайманбастык менен жеңип, өнүгүү жолунда бара жатканына Түндүк Корея эли чын дилинен кубанычта", - деп айтылат.

Ошондой эле Ким Чен Ын Путинге чың ден соолук жана ишине албан-албан ийгилик каалап, Орусиянын элине өнүгүү жана бакубатчылык тиледи. Мындан тышкары ал тарыхий мааниге ээ Орус-Корей достугун мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалап, Путин менен болгон алгачкы жолугушуусун кубануу менен эстей тургандыгын айткан.

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу 2019-жылы 25-апрелде Владивосток шаарында болуп өткөн. Жолугушууда Ким Чен Ын Путинге кылыч белекке бергендиги жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан