Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкада эбола вирусу күчөй тургандыгын жарыялады

Эбола вирусу аба жана суу аркылуу жуккандыгын эске алганда, келечекте Африканын ар кайсы аймактарында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Нгой Нсенга билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Эбола вирусу Африканын кайсы бир жерлеринде кайрадан пайда болот. Бирок биз бул оорунун алдын алып, жайылып кетишине жол бербешибиз керек. Ошол эле учурда биз мезгил-мезгили менен мындай учурларга туш болобуз", - деген эксперт.

Бул көйгөйдөн эмдөө жолу менен гана чыгуу мүмкүн экенин айткан.

9-июнда Борбордук Африкада жайгашкан Конго Республикасынын Мбандака шаарында 12 адамдан эбола вирусу аныкталып, анын ичинен 6 адам каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан