Жалал-Абад. Журналисттердин пресс-клубу түзүлдү

Жалал-Абад шаарында журналисттердин башын бириктирген пресс-клуб түзүлдү. Анын максаты - жаш журналисттердин кесиптик жактан өсүп өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Клуб "Бийиктик деп аталып, ага мүчө болгондордун колдоосу менен бир жылдык мөөнөткө Жалил Сапаров төрагалык кызматка бекитилди. Андан соң клубдун демилгечилери тарабынан түзүлгөн жобо талкууланып, алымча-кошумчалар киргизилди. Иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынып, кийинки кадамдардын иш-планы талкууланды. Ошондой эле жаш журналисттерди даярдоо үчүн "Жаш журналисттердин практикалык мектебин" ачуу боюнча да сунуш түштү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан