Словакиянын Врутки шаарында жайгашкан мектепке колуна бычак кармаган адам келип, андагы окуучулар менен кызматкерлерге кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кылмышкердин колунан 5 адам жабыркап, директордун орун басары каза тапкан.
"Жаракат алгандардын арасында 2 окуучу бар. Кылмышкер мектептин ичине терезени сындырып кирген. Кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Полиция кызматкерлери аны кууп жеткенде, кылмышкер аларга карата ок чыгарып, каршылык көрсөткөн. Натыйжада полиция кызматкерлери ага карата ок чыгарууга мажбур болушкан. Азырынча мектептегилерге кол салган адамдын максаты белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, кылмышкер 22 жашта болгон. Ал өзү кол салган мектепте окуп кеткен. Ал эми ооруканага түшкөн 2 окуучу, мектеп директору жана бир мугалимдин абалы тууралуу кабар бериле элек", - деп жазылат маалыматта.