5-сентябрь күнү Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кеткен деп шектелгендердин экинчиси кармалды. Буга чейин биринчи шектүү кармалган эле. Муну бүгүн, 9-сентябрда Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков билдирди. Кылмышка шектелгендер Кара-Булак айылынын тургундары, 1991-жылы туулган Абдисамат уулу Шербото жана Баткен шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Нуралиев Нуржигит күнөөлөрүн моюнга алышты.
Эскерте кетсек, 5-сентябрда булар бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кетишкен. Алардын төртөө ошол жерден эле көз жумса, үй ээси Тажибай Эралиев учурда оор абалда ооруканада жатат.
Каза болгондор:
Рахат Эралиева, үй ээсинин жубайы. 1951-жылы туулган
Каныбек Эралиев, уулу. 1986-жылы туулган
Аида Байзакова, келини. 1990-жылы туулган
Каныбек кызы Мадина, үй ээcинин небереси. 6 айлык.
Кылмышка шектүү Абдисамат уулу Шербото окуяда көз жумган Рахат Эралиеванын бир тууганынын уулу болуп чыкты.