Бишкекте алдамчылык жолу менен акча өндүрүү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте "адамдардан алдап акча чогултуп жүргөн" деген шек менен жаран кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын эки тургуну арыз менен кайрылып, Тимур аттуу бала алардын ишенимине кирип биринен 8000 сом, экинчисинен 9000 сом алгандыгы тууралуу маалымдашкан. Иликтөө иштеринен кийин алдамчылыкка шектелип, Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну П.Тимур кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан