Швейцариянын полиция кызматы айылдагы дүкөндөрдүн биринде 8 жаштагы бала "оюнчук акча менен төлөсөм болобу?" деп суроо салганы үчүн аны өз маалымат базасына киргизди. Аты-жөнү ачык жарыяланбаган бала жөнүндө маалыматтар 2032-жылдын май айына чейин, тагыраагы ал 21 жашка толгонго дейре сакталат деп жазат Швейцариянын "Basler Zeitung" гезити.
Апрель айында бала 10 жаштагы агасы жана кошунасы менен бирге Дигтен коммунасында жайгашкан Volg дүкөнүнө баш баккан. Үчөөнүн ичинен эң кенжеси сатуучудан оюнчук акча менен төлөөгө болобу деп сураган. Баланын колунда кадимки кагазга түшүрүлгөн жана кытай иероглифтери бар евро купюралар болгон.
Дүкөндөгү сатуучулардын бири алардын жасалма экендигин дароо эле түшүнүп, полицияга кабар берген. Бир айдан соң 29-майда баланын ата-энесинин үйүнө полиция кызматкерлери келип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Алардын үйүн текшерүү учурунда 5, 10, 20 жана 50 евро номиналындагы жалпы 255 евро оюнчук купюралар табылган. Полиция кызматкерлери мындан аркы кылмыштардын алдын алуу үчүн банкноттордун баарын алып кетишкен.
Volg дүкөнү жогорудагы окуя үчүн кечирим сураган. Жетекчилигинин айтымында, полиция кызматын чакыруунун ордуна балдарга эскертүү гана кылып коюу кызматкерлеринин оюна келген эмес. "Дүкөндө иштеген кызматкерлердин бири да балалуу боло элек" деген дүкөндүн менеджери.