"Колун байлап, моюнуна дөңгөлөккө салып таш артып, баштан ылдый суу куюп, жаакка чапкылады". Эркектин аялды жазалаганы боюнча милиция эмне дейт?

Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тарады. Анда аялдын колу байланган, моюнуна дөңгөлөк, таш артылганын, эркек кишинин ага баштан ылдый чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Мындай өз алдынча жаза берүү көрүнүшү дароо интернет колдонуучулар тарабынан талкууга алына баштады. Көбү окуянын келип чыгуу себебине кызыкса, дагы башкалары аялга карата кордук көрсөткөндүгү үчүн бул көрүнүш көз жаздымда калбасын деген талаптарын айтышууда.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына кайрылды. Облустук милициядан билдиришкендей, окуя 8-июнда болгон.

Таш салынган дөңгөлөктү аялдын моюнуна артып алып жаза берген адам кармалган.

"Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунда 1969-жылы туулган тургун Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Аялдын мойнуна кирпич менен дөңгөлөк асып, суу чачып жазалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Nursul
2020-06-12 19:16:28
Келесого мындайларга катуу жаза берүү керек өзү айткандай башка ушуга окшогондорго сабак болсун. Айбан жаныбарды кордогондон жүрөгүң чыдабайт бул адамга боору орубады бекен. Видеого тартып жаткан айымга сөз жок.
+8
Kairat1996
2020-06-12 19:55:22
Жапайлар.
+5
-adam
2020-06-12 19:57:49
Карап салыш керек 2,3 жылга
+4
Perfekt
2020-06-12 20:32:47
Айбан десе. Ушу да эркекби
+5
Taalaibek.
2020-06-12 20:59:49
Бул эшек колума тушсо озу кордогондой кылып кордойт элем. Бул эшектин опкосун жулуш керек!
+8
Saidochka
2020-06-12 22:38:08
Бул эркекти уже коё беришиптир, үйүнө. Акчасын алды да, бара бер дешти да. Кана эми адилеттүүлүк? Жазасын алышы керек болчу бул акмак.
+9
Glucke
2020-06-13 02:08:04
Saidochka, Андан бетер кылып урбаса эле эми(((. Кайсыл жерде журот ал маалымат?
+2
Nourlan
2020-06-12 23:11:31
Ушундай көрүнүштөргө ыйлагың келет да. Эхх кыргыздар кайда бара жатабыз?
+6
sumaya
2020-06-12 23:19:35
Айбан,адам эмес эле айбандан айырмасы жок эшек!!!Ылайым колун шал болуп калса экен!!!Тим эле эрдик кылгансып тарт деп буйрук берип атканын берки аялга,видеого тарттырып кимге мактангысы келди экен э ?Ушундай карангы жапайы адамдардын арабызда бар экени окундурот...!!!
+7
bond02
2020-06-13 00:10:36
Бул видеону интернеттен тезинен очуруу керек, башка элге уят болбой.
+3
Flower2017
2020-06-13 00:40:23
Шал тийип кал деп гана айтам. Олум сага женил жаза. Сен акмак дагы энеден чыккансын. Жакшылык корбой от ылайым. Бул психически больной эмеспи?!
+7
aika17
2020-06-13 01:03:33
Өлүгүңдүганакөрөйүн шал болуп калгыр ит!
+1
Nourlan
2020-06-13 01:16:01
Биз кыргыздар мусулманбыз. Бирок, азыркы учурда бизди ислам дининин атын жамынып, арабдаштыруу процесси активдүү жүрүп жатат. Арабтардын фанаты болуп, өз эркиндигибизди жоготуп, Авганистан, Бангладеш, Пакистандай брлуп калбайлык. Эсибиз барда этегибизди жыйалык.
+7
Arstan18.18
2020-06-13 09:28:25
Тан алайлы туштукто аялды суйлоо маданияты жокко эсе! Туштуктун эркектери аялга тенелгенди Жакшы коробуз. Ачык созум. Бул акмак эркек экен. Озунода жанын ачыптып уруш керек, бизде аялдар ичи толо ызаа эркектерге кучтору жетпесе
+2
Aida05
2020-06-13 20:50:07
Аял затын кордогон акмак бара турган жерин тозок болсун.Мин жаман болсода балдарындын апасы кок мее.Муну камаш керек озун ошондой кылып кыйнаш керек.
+1
zzz---zzz
2020-06-14 02:19:14
Баарын кысчуу жеринерди кыскыла регионго болбой, баарыбыз кыргызбыз бир атадан тараган.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан