Бүгүн, 9-сентябрда Т.Абдумомунов
атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында
көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлийпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. 7-сентябрда 93
жаш курагында дүйнөдөн кайткан Кондучалова Кыргыз ССРинин Маданият министрлигин узак
убакытка башкарган. Күлийпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, төрага Асылбек Жээнбеков, белгилүү маданият ишмерлери жана маркумдун жакындары катышты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.