Ооганстанда жума намазы учурунда мечитте жарылуу болуп, төрт адам каза болду

Ооганстандын борбору Кабул шаарында жума намазы учурунда мечитте жарылуу болду. Анын кесепетинен төрт адам каза болуп, сегиз адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарылуу Кабул шаарынын батышындагы Карт-и-Чар районунун Шер-Шах-Сури мечитинде жума намазы учурунда болгон. Жарылуудан каза болгон төрт адамдын ичинде мечиттин имамы дагы бар. Жарылуучу зат мечиттин ичине коюлган.

Азырынча эч бир террордук топ бул жардырууну өз жоопкерчилигине ала элек.

Буга чейин 2-июнда Кабул шаарынын борборундагы Вазир-Акбар-Хан мечитинде жарылуу болуп, эки адам, анын ичинде мечиттин имамы каза болгон. Жардырууну "Ислам мамлекети" террордук тобу кылгандыгын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2020-06-12 17:58:47
Ушулар мусулманбы? дүйнөгө бардык мусульмандарлы жаман көрсөтүп жатышат.
+2
AdylbekB84
2020-06-12 18:30:59
Ушундай кантип болсун, мусулман терисин жамынган каапырлар Игили дагы, талибаны дагы бир адам сымал айбандар экен, тозокулар!
+2
zheenbaev95
2020-06-12 20:13:28
Бунун баарын еврейлер кылып атышат мусулмандарды бүт дүйнөгө жаман көргөзүштүн амалыда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан