Кечээ, 12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Андан аялдын колу байланганын, моюнуна таш салынган дөңгөлөк артылганын жана эркек кишинин ага баштан ылдый чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканы көрүнөт.
Аялын уруп жаткан эркекти колдонуучулар жектеп, катуу жазалануусун талап кылып, бул тууралуу жеке пикирлерин жазышууда. Ал эми окуяга байланыштуу интернет тармагына дагы бир видео жарыяланды. Анда сүйлөп жаткан бала менен аял токмок жеген аялдын уулу жана бир тууган эжеси экенин алардын сүйлөшүүлөрүнөн улам байкоого болот.
Сүйлөшүүнүн башталышында бала энесинин абалына ызаланып ыйлап, эжекеси менен учурашып сүйлөшкөнү угулат.
"Эртеден бери ыйлайм, көрөрүм менен жетип келдим. Эмне кылып аласың дегенсип, мына көр, башкаларга сабак болсун, жөнөт эжесине деп видеону мага жөнөтүптүр. Ал видео болбогондо, бул окуяны билбейт элек. Буга чейин дагы уруп жүргөн экен. Азыркы акыбалын карачы, азыр дагы жакшы билинбей жатат. Уулум, карачы, атаң кандай адам экенин. Биз атаңды ушундай жакшы көрүп сыйлачу элек го. Кылган кылыгын, видеолорун көрдүңбү? Мыкаачы, баңги дагы мынчалык урбайт. Жөн эле урса мейли эле, шапалак менен салса мейли эле, эрди-катын урушат дейт элек, баллонду моюнуна асканды көрдүңбү, баңги да бул кадамга барбайт. Ооруканага алып барсак баш мээси чайкалганын айтып, дарыгерлер дары жазып беришти", - деп сүйлөгөн эжеси.
Мындан сырткары ал күйөө баласы сиңдисин кантип чыдап урганын, эч кимиси жок деп кордук көрсөткөнүн, тоготпостук деп айтып кейип сүйлөп берип жатканын жана кордолгон аялдын эжеси делген аял күйөө баласынын атын Зөкүш деп айтып жатканы угулат.