Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатат. Маалыматты юрист Искен Афиджанов жазып, госпиталдын короосуна топтолгон саясатчылардын сүрөтүн жарыялаган.
Айтымында, Болот Шердин ден соолугунан кабар алуу үчүн экс-депутат Өмүрбек Текебаев баштаган "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү ооруканага барышкан. Сүрөттөн мурдагы премьер-министр Темир Сариевди, экс-депутат Өмүрбек Бабановду, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировду көрүүгө болот.
Болот Шер "Ата Мекен" фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Бул сүрөт кечээ социалдык тармактарда "Ата Мекен" Бабанов менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадыбы?" деген талкууга жем таштаган болчу.