7-8-сентябрь күндөрү Кыргызстанда
28 өрт кырсыгы катталып, ага 26 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Бул
тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 5, Чүй
облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 3, Ош
облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда
1, Ысык-Көл облусунда 4 жана Ош шаарында 2 өрт кырсыгы орун алды. Өрт
кырсыгынан жабыр тарткандар болгон жок