Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган. Ал 2 күн мурда ооруканага түшкөнүн бир тууганы, депутат Садык Шер-Нияз тарабынан белгилүү болду.
"Учурда анын абалы орто оор деп бааланып, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер жакшы болуп кетерин айтышты. Болот Шер 2 күн мурда ооруканага түшкөн", - деди ал.
Болот Шер "Ата Мекен" фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.