Кадамжай районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Лангар айылында жол кырсыгы болуп 1 адам каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 8-сентябрда болгон. Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа сайга кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1969-жылы туулган Эргешов А. каза болуп, 1995-жылы туулган Эргешова Д. жана 1997-жылы туулган Эргешов Б. жабыркаган. Унаа сайдан чыгарылып, жабыркагандар Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан