Аялын жазалаган сузактык тургун 15 суткага камакка алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк асып, мазактап жазалаган жаран 15 суткага камакка алынды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

"Бүгүн, 13-июнда райондук сот аялына жаза берген жаранга чечим чыгарды. Ага ылайык, ал 15 суткага камакка алынды. Сотто аялы күйөөсүн кечиргенин билдирген", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
altyn7776
2020-06-13 21:46:48
Озун да куду ушундай кылып, мойнуна таш байлап оло уруш керек суу куюп..Элге шерменде болгондон кийин озун озу асып олот. Ушундай сабак болот элге! Кыздарды урган мал эркектер деле жалдырап, Россияда кечирим сурашты го...кечирим сурайт экенсинер ...пок жегени урасынарбы?Кана эокектик намысынар? Кызга эмес, кас-душманга чыгарбайсынарбы кучунорду шумуройбой!
+7
001KG
2020-06-13 21:54:30
Аялы кечирди дейби? Ё моёёё, ал аял өзү деле ошого ылайыктуу окшойт кечирип жүргөнүнө караганда блин. Доканцо туруп ал зөөкүр үч тамганы каматып жок кылыш керек эле, же аябай коркот.
+6
AruuKasi
2020-06-13 23:20:34
001KG,балдары турат ушунча жыл жамандыр жакшы жашады, аялдар биз айкол калкпыз ушундай
+4
Umka..00
2020-06-13 21:58:31
Ушундай эркектерге таааан каламда ушинтип орой создорду суйлоп анан кол которуп кааантип койнундаалып жатат?Кантип эркелетет?Кантип берген чайын, тамагын ичет? Аял деген куйоолоруно берилген аманат. Аялын сыйлап, коргоп алган эркек чыныгы эркектик сапат. Аялга кол которгон эркек эн алсыз, коркок эркек.
+3
Aliya2015
2020-06-13 22:10:16
Вот ошо учун ушинтип таяк жеп жургонго татыктуусунар, твою....., нафиг кечиресинер. Фуу блиин, дагы журогумду оорутуп коем.
+5
asefsa
2020-06-13 22:17:05
Адам тусполундогу мыкаачы,15сутка аздык кылат ага,озундагы дал ошентип кордош керек
+1
-adam
2020-06-13 22:42:53
Ажырашып кетпегенден кийин ,жашай турган ою болсо байкуш аялы кечиретта кечирбесе кайра келип эле мындан катуу онорун корсотот.Ошондуктан аялынын созун эске албай катуу жазалаш кк эле
+2
Ulukmyrza070809
2020-06-13 22:59:00
Кечээ видеосун коргону журок чыдабай, боорум ачып отурсам. Кечирди дейби?! Оз укугун билбегендик.
+4
Jibakana
2020-06-13 23:07:25
Байкуш куйоосунун коркуп эле кечирсе керек блииин....е ушундай кыйнап сабап жатса 15эле суткабы???
+3
Bakbai
2020-06-14 00:24:06
Балдары чоноюп калса кечирет да байкуш
0
Aimani
2020-06-14 00:25:48
Кечирсе сөз жок. Өзүн ошентип тебелеп тепсеп жашаганга татыктуу көрөт экен. Балдары чоң экен. Неге, неге, неге кечирет!!! Өзүн өзү сыйлабаса күйөө сорой сыйламак беле. Бүт Кыргызстанга уят болуп кайра кечирип койсо сөз деле жок
0
Ays878
2020-06-14 00:50:51
Эже эмне учуууун!Неге,кантип эле?!Чон эле уулунуз бар экен оз карамагына алат деген умутум чон.Эртен 15 кундон кийин чыкса сизди олтуруп деле коёт бул аёсуз зоокур...
+2
Nuret94
2020-06-14 01:36:19
Сүйүктүү балдарымдын апасы деп, эркелетчү сөздөрдөн жаттап алгын...
0
Jelezo
2020-06-14 09:05:56
Балким күйөсүн ошондой акыбалга жеткиргендир, бирөөнү соттогудай сот эмеспиз.
-5
ahun72
2020-06-14 14:36:25
Ошол сотту дагы ушундай кылыш керек экен
0
Aytur
2020-06-15 21:32:33
МЫНДАЙ АЯЛДАРГА ЖАГАТ КУЙОСУНОН КЕЛТЕК ЖЕГЕН. Уй булодо эрдуу катын таяк жейт деп озун жоошутуп жашап журо беришет. Бирин кайын бирин тал бирин олуп бирин кал деген соз эле татыктуу буларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан