ШКУнун саммити учурунда борбордогу коомдук тартипти 2500 милиция кызматкери карайт
Бишкекте ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда
борбордогу коомдук тартипти 2500 милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт. Бул
тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,
10-14-сентябрь күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу болот. Учурда
иш-чараны өткөрүүдө тартипти сактоо боюнча пландар иштелип чыккан. Белгилей
кетсек, ШКУнун саммити 13-сентябрда Бишкекте өтөт.