Бири басаңдай электе экинчиси от алды. АКШда полиция кызматкери тарабынан кармоо учурунда теги африкалык жаран өлтүрүлдү

АКШнын Атланта шаарында 12-июнда полиция кызматкери тарабынан кармоо учурунда 27 жаштагы Рейшард Брукс аттуу теги африкалык жаран өлтүрүлдү. Ал полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн. Калаада нааразычылык акциялары башталып, полиция кызматынын башчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.

Рейшард Брукс тамактануучу жайдын жанына токтотулган унаасында уктап калган. Анын унаасы аталган жайга келген башка кардарларга тоскоолдук жаратканы үчүн полиция кызматкерлерин чакыртышкан. Эки полиция кызматкери келип, Бруксту текшеришкен соң анын мас экенин аныкташкан. Аны кармоого аракет кылган учурда ал каршылык көрсөткөн. Бул учурда полиция кызматкери ага карай ок чыгарган. Брукс алган жаракатынан ооруканада көз жумган.

Бул окуя Атланта шаарында нааразычылык акциялардын толкунун жаратты. Анын катышуучулары чоң көчөлөрдү бууп, атүгүл Брукстун полиция кызматкердин колунан ажал таап калуусуна себепкер деп жогорудагы тамактануучу жайды да өрттөп жиберишти.

Рейшард Брукстун жактоочусунун айтымында, маркум 4 баланын атасы болгон жана ал каргашалуу күнү кызынын туулган күнүн өткөргөн.

Атланта шаарынын башчысы полиция кызматкери Бруксту кармоо учурунда ок атуучу куралды колдонгону мыйзамсыз деп билдирди. Кармоого катышкан полиция кызматкеринин бири кызматынан бошотулду, экинчиси оперативдүү иштен четтетилди. Ал эми шаар боюнча полиция кызматынын башчысы кызматынан кетти.

АКШда соңку кезде Жорж Флойддун өлтүрүлүшүнө байланыштуу полиция кызматкерлеринин зомбулугуна жана расизмге каршы массалык нааразычылык акциялары өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Umar.2013
2020-06-14 21:02:43
Какаганга муштаган болуптур да?
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-06-14 21:31:41
27 жашта 4 балалуу болуппу?
-4
aslonur
2020-06-14 23:49:26
Baktyluu_bolgum_kelet, оа ошондой экен таң калчу жери жок,
+6
keba300989
2020-06-15 09:39:46
Baktyluu_bolgum_kelet, 3 балалуу аял алса 4-сү өзүнүкү болсо керек.
-3
001KG
2020-06-14 22:18:13
Давай давай добиваем африканцы, закончим сша)).
+10
Omar.
2020-06-14 22:19:26
Американын келечеги жок деген чын окшойт
+11
Milduri
2020-06-15 15:44:57
Америка менен коштошо бергиле эми, эли да чынында өтө эле аша чаап кетти, эми баары кор болуп өлүшөт бирин бири талап тоноп, атып өлтүрүшүп, түштүктөгү штаттарын Мексика алганы даяр турат, түндүктөгү штаттары кээ бирлери Канадага кошулат. Жок эми АКШ картадан өчөт. Google, Amazon, Apple, Microsoft, жана башка ири компаниялар Лондонго же Жаңы Зеландияга көчөт экен.
-1
PROS
2020-06-15 19:12:43
Milduri, локатор күчтүү тартат го ыя?)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан