Түркияда жер титирөөдөн 1 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 18ге жетти

Түркиянын чыгышындагы Бингөл провинциясында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 18 адам жаракат алган. Маалыматты чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, жер титирөө кечээ, 14-июнда катталган. Андан 18 адам жаракат алгандыгын аталган өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.

"Жер титирөөнүн кесепетинен жаракат алгандардын саны 18ге жетти. Алардын арасында оор абалдагылары жок", - деп билдирген Фуат Октай.

Учурда жаратылыш кырсыгы алып келген зыян тартуулар эсептелүүдө деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан