Кытайда бир сутка ичинде 67 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталды

Коронавирустун алгачкы очогу болгон Кытайда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 67 адамдан аныкталды. Бул жөнүндө Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Ага ылайык, катталгандардын ичинен 49у симптомдору бар болсо, 18инде симптомдору жок болгон. Мындан сырткары бир бейтап оорудан сакайган.

Вирус катталгандан тарта Кытайда жалпы 84 миң 335 адам коронавирус менен катталса, алардын ичинен 4 миң 638 бейтап каза болгон. Ал эми 78 миң 370 адам оорудан сакайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан