Швейцарияда поезд жүргүнчүсү мүшөккө салынган алтынын купеге унутуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат. Маалыматта андагы алтындын салмагы 3 килограмм экендиги жазылган.
"Учурда алтындын ээси изделүүдө. Ички иликтөөдө жүргүнчү табылбай, ал тууралуу массалык маалымат каражаттарына жарыя берилген. Бирок алтындын анык ээси кантип аныкталары азырынча белгисиз. Швейцариядагы мыйзам боюнча жоголгон буюмдун ээси аны таап кайтарууга 5 жылдык мөөнөтү бар", - деп жазылат маалыматта.
Жалпы баасы 191 миң долларды түзгөн бул байлык Санкт-Галлен-Люцерн темир жол каттамындагы поездде өткөн жылдын октябрь айында табылган. Ошондон бери анын ээсин табуу аракеттери жүрүп келет.