7-сентябрда Бишкекте 103 адам ууланып калганын Республикалык
инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Маалыматка ылайык,
68 адам ооруканага жаткырылган, алардын 9у жаш балдар. Белгилүү болгондой, “Енисей”
кафесинде 6-сентябрда үйлөнүү той болгон. Коноктор кеткен соң, эртеси алардын
дене табы көтөрүлүп, ичтери өтүп, куса башташкан. Учурда массалык түрдө
уулануунун себеби такталып жаткандыгы жана аталган кафе жабылып, текшерүү жүрүп
жаткандыгы белгилүү болду.