Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Андагы аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазды жана ал күйөөсүн бошотууну өтүнгөн. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
"Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну 11-июнда Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун судьясы тарабынан 15 күнгө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазды. Аял жолдошун бошотууну өтүнгөн, бирок тосмо арыз жазганына карабай, бул иш тыкыр иликтенип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.