Ош облустук соту полковник Толкунбек Шоноевди өлтүргөн кылмышкерлердин жазасын күчөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Облсот Кара-Суу райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Тилек Жапаровду 30 жылга, Улан Молдошевди 20 жылга жана Айтбай Сагын уулун 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Кылмышкерлердин үй-мүлкү конфискацияланып, өздөрү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөшмөкчү. Ал эми Кара-Суу райондук сотунун чечиминин башка бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.
Белгилей кетсек, 7-июнда Кара-Суу райондук соту аталган жарандарды 25, 14 жана 4 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал эми Арипбек Аскарбек уулу өмүр бою эркинен ажыратылып, Ниязбек Тажибаев жана Эрнис Эсенов 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөшмөкчү. Бул жарандардын да мүлктөрү конфискацияланат.
Эске сала кетсек, 11-январда Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. 35 жаштагы Т.Шоноевдин 9 жерине ок тийип, окуя болгон жерден каза болгон.