Бишкекте мас болгон кыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, погонун айрып салган

Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, погонун айрып салган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-сентябрда саат 01:30 чамасында рейд учурунда “Аура” кафесинин жанында Тойота камри үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын 26 жаштагы айдоочусу А. Молдошевдин документтерин текшерип, ага карата протокол түзүү учурунда унаанын ичиндеги жүргүнчү 24 жаштагы С. Арымбаева милиция кызматкерлерин жаман сөздөр менен сөгүп, бир кызматкердин погонун айрып, кызматтык унаанын эшигине зыян келтирген. Наркологиялык текшерүүдөн өткөзгөндө айдоочу дагы жана жүргүнчү дагы мас экендиги белгилүү болгон. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга жеткирилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurel50
2013-09-09 14:14:18
кыздар беебаш болуп кеттиго
+2
777bek
2013-09-09 14:16:24
Дагы жакшы МАИлер кармаптыр "кечирим сурап" бошотуп жибербей.
0
PROS
2013-09-09 15:16:56
Байкуштардын крышасы жок экен да, болбосо бир звонок м.н кутулуп кетишмек!!!!!
+1
Shai
2013-09-09 15:34:21
Ошол кызды шаардын четине алып барышып зордоп салбаптырда. Ошондо ичкен арагынын кайфин корот эле.
0
altinim
2013-09-09 15:51:15
Shai, жинди эмессинби?
0
idiris
2013-09-09 16:42:23
ошентседа милицияга коп ишенип болбойт.Жонокой кишиге да кылмышкерге мамиле кылгандай мамиле жасап калышкан.
0
DSD
2013-09-09 17:21:38
melis baikege chalam azyr ))))
-1
Ula672112
2013-09-10 10:33:59
бетин да тытып салбаптыр!
+1
Numi
2013-09-12 06:13:03
Мына арабызда эле бар экен зоокурлОр кыз зордогон)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан