ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Кыргыздын эки режиссеру Сүйүн Откеев менен Канат Култаевдин кош келген туулган күнү

Кыргыздын эки режиссеру Сүйүн Откеев менен Канат Култаевдин кош келген туулган күнү.

Бүгүн, 15-июнда режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев 40 жашка толду. Ал жыл сайын туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосуп келерин айтты. "Бүгүн иш күнү болгондуктан жумушка чыктым. Жумуштан кесиптештерим куттукташты. Кечинде үй-бүлөм менен тосом. Эң көп берилген белектер китеп болду. Демек мен китепти көп окуган, китеп жакшы көргөн адамдардын катарын толуктайт экем деп кубандым", - деп ал SUPER.KG порталына билдирди.

Режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. 1986-жылы Макаренко мектебине окууга бара баштаган. 1993-жылы Кыргыз-Түрк балдар лицейине тапшырган. 1997-жылы окууну аяктап, Ош технологиялык университетине Байланыш түйүндөр жана коммуникация системалары адистигине тапшырган. Андан кийин Германиядагы Лемго шаарында жайгашкан университеттин Медиа продакшн факультетинде окуган.

Алгач кыска метраждуу "Соолуган карек" аттуу тасмасын тарткан. 2012-жылы “Сен эмне кылмаксың?” тасмасы менен кыргыз кино тармагында алгачкы дебютун жасаган. Андан тышкары “Миллиондук мелдеш”, "Миллиондук мелдеш 2”, “Көпөлөк”, “Мегатой” толук метраждуу тасмаларын тарткан.
Ал эми режиссёр, продюсер Канат Култаев 41 жашка толду. Ал Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. "Дастан" техникалык университетин бүтүргөн. 2004-жылы "Кыргыз телерадиосунун эң мыкты режиссёру", 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2006-жылы Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Темир Назаров, Мирбек Атабеков, Даниель, Алихан, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов сыяктуу ырчыларга продюсерлик кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан