Казакстанда дагы 4 бейтап коронавирустан каза болду, алардын эң жашы 49 жашта болгон

Кечээ, 15-июнда Казакстанда дагы 4 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, оору өмүрүн алган эки адам Алматы шаарында болгон, анын бири 56 жаштагы эркек киши болсо, экинчиси 49 жаштагы аял.

Мындан тышкары Актөбө облусунда 65 жаштагы эркек киши, Павлодар облусунда 65 жаштагы аял оорудан көз жумган. Муну менен Казакстанда коронавирус өмүрүн алгандардын саны 81ге жетти. Жалпысынан ооруну жугузгандар бул өлкөдө 15 миңге жакындады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан