Франциянын Дижон шаарында чечен улутундагы жарандар менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда кагылушуу болуп, анын натыйжасында кеминде 12дей адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматта эки жактын чырдашуусу 16 жаштагы кавказдык өспүрүмдүн сабалышынан улам улам чыкканы айтылат.
"Жердешин таарынткан адам менен маселени чечүү үчүн 70ке чукул чечен улутундагы адамдар шаардын борбордук бөлүгүнө келишкен. Алар бейсболдук биталар, бычак, бурагыч, темир чыбыктар менен куралданган. Алгач алар "Le Black Pearl" деген кальян барына кол салып, андан ары териштирүүлөрүн көчөдө уланткан. Баш аламандыкты токтотуу үчүн 40 полиция кызматкери жана 100гө жакын аскер адамдары тартылган. Полиция кызматы аларга карата көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Бирок эч кимиси камакка алынган эмес. Кээ бир маалыматтар боюнча, сабалган 16 жаштагы баланын абалы оор" , - деп жазылат маалыматта.