ИИМдин Ички аскерлерин Улуттук Гвардияга кошуу сунушталууда
Ички аскерлерди ИИМдин курамынан чыгарып, Улуттук Гвардия менен бириктирүү
сунушун бүгүн, 9-сентябрда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча
комитетинин жыйынында Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары
Кубанычбек Орузбаев билдирди. Айтымында, Коргоо кеңеши мындай чечимди 5-июлда
кабыл алган. Депутат Курманбек Осмонов бул сунушту 3 тармактык комитет биригип
карашы керектигин белгиледи. “Бул катардагы маселе эмес. Концепциясын,
функциясын, канча кызматкер болорун жакшылап аныкташ керек. Бирок мен каршымын”,-
деди эл өкүлү. Ал эми депутат Данияр Тербишалиев Улуттук Гвардия эмне менен алек
экендигин азыркыга чейин билбестигин айтты. “Улуттук Гвардияда 5 миңге жакын адам эмне кылып
жаткандыгы белгисиз. Реформа жүргүзүп, белгилүү бир түзүм түзүү абзел. Укук
коргоо органдарын реформалоо абдан маанилүү маселе”,- деди Тербишалиев. Натыйжада
депутаттар эл өкүлү Канат Исаевди бул маселе боюнча иштеген комиссиянын мүчөсү кылып
киргизүү чечимин кабыл алышты.