Өспүрүмдөр арасында альпинизм боюнча Дүйнө чемпиону франциялык 16 жаштагы Люси Дуади 150 метрлик жардан кулап каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык дүйнө чемпионун үйүнөн алыс эмес жердеги тоодо болгон. Ал достору менен тоодо жүргөн учурда 150 метрлик жардан кулап кеткен. Өз кезегинде Франциянын альпинизм боюнча федерациясы Люси Дуадинин каза болгондугуна байланыштуу аза күтүп жаткандыгын жар салды.
Люси Дуади Токиодогу Олимпиада оюндарына киргизилген боулдеринг боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиону. 2019-жылы спортчу чоңдор арасындагы мелдеште күч сынашып, АКШнын Колорадо шаарында өткөн Дүйнөлүк Кубокто алдыңкы ондукка кирген.