Барак Обама Орусияда өткөн G20 саммитинде желим стакан менен чай ичип отурду

6-сентябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн G20 саммитинин экинчи күнүндө АКШнын президенти Барак Обама өзгөчө жоругу менен кесиптештерин таңдантты. Жыйынга Обама колуна желим стакан кармаган калыбында келди. Анын чай ичип жатканын идиштин сыртындагы чай (tеа) деген жазуу ырастаганын Орусиялык ММКлар жарыялашты. Обама бул жоругу үчүн тартынган жок, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жылуу маанайда сүйлөшүп туруп, колуна стакан кармаган бойдон ири 20 өлкөнүн башчылары катышкан жыйынга кирди.  

Америка президентине эч ким эскертүү берген жок. Владимир Путин талкуулана турган дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү тууралуу кыскача маалымат бергиче Обама стакандагы чайды ичип түгөттү.  Жалпы сүрөткө түшүү үчүн залдан чыкканда анын колу бош чыкты. 

Кошумчалай кетсек, Обама башка кесиптештериндей болуп жыйын өтчү жайга Орусия тараптын Лимузини менен эмес, америкалык номур тагылган Cadillac менен келди. Костюмунун жакасында саммиттин атайын төш белгиси эмес, АКШнын мамлекеттик желеги түшүрүлгөн төш белги болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан