Мамлекеттик жактоочу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Жогорку Сотто жактоодон баш тартты

Мамлекеттик жактоочу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Жогорку Сотто жактоодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Жактоочу билдиргендей, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кечээги соттук отурум Исаковдун жактоочулары бекитилбегенине байланыштуу жылдырылган.

"Сапар Исаковго жактоочулук кылып келген Замир Жоошев бүгүнкү күнгө чейин аны менен жолугуп, келишимди узартуу тууралуу сүйлөшө элек. Себеби ЖАМК тарабынан карантин деген шарт менен абактарга коргоочу кийим жана COVID-19 инфекциясы жок деген аныктамасыз жактоочуларды киргизбөө тапшырмасы берилиптир. Биз бул тууралуу Жогорку Сотто соттук коллегияга билдиргенибизде, жактоочу менен Исаковду жолуктурууга көмөктөшүүнүн ордуна ага мамлекеттик жактоочу таап берүү чечимин кабыл алышты. Ал эми Жоошев Сапар Исаков менен жолугуп, иштин жагдайлары боюнча тапшырма алмайынча жана кызматташуу тууралуу экөөнүн ортосундагы келишим узартылмайынча сотто аны жактоо укугу жок экенин билдирген. Мына ушундай кырдаалда соттук отурум бүгүн дагы болгон жок. Мурдагы өкмөт башчыны жактоо үчүн сунушталган мамлекеттик жактоочу бүгүн келип, иштин материалдары менен таанышкандан кийин андан баш тартты. Өз кезегинде мен юрист катары жактоочулардын абактарга киргизилбей жатканына байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдым, ал боюнча учурда прокуратурада дициплинардык өндүрүш козголду", - дейт жактоочу.

Мындан тышкары жактоочу Жогорку Сотто башталган ЖЭБ иши боюнча процесске эркиндикте жүргөн гана айыпталуучулар катышып жатканын, ал эми абактагылар процес өтүп жаткан бөлмөдө шарт жок деген негиз менен алып келине элек экенин кошумчалады.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге барган деген айып менен өтүп жаткандар: мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalay25
2020-06-18 09:26:15
Замир Жоошев эмес аны Нурбек Токтакунов коргоп атбады беле сотто
0
altyn7776
2020-06-18 12:01:25
taalay25, сенден сурашпаптыр да...каап...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан