Тажикстанда үйлөнүү тоюн өткөрүүгө уруксат берилди

Тажикстанда 20-июндан баштап үйлөнүү тоюн өткөрүүгө уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматына таянуу менен тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта үлпөт тойлорго катышып жаткандардын саны 100 адамдан ашпаш керек деген талап коюлганы айтылат.

"Республикалык штабдын 17-июнда өткөн жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Бирок ошол эле маалда той ээси бардык жоопкерчиликти өзүнө алып жатканын түшүнүүсү керек. Алсак, мурункудай коноктордун саны көп болбой, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарган шартта гана той өткөрүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары штабдын жыйынында айрым эл аралык аба каттамдарын жандандыруу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, 1-июлдан баштап Өзбекстанга жана Дубайга болгон аба каттамдар ачылат. Бирок жүргүнчүлөрдүн жанында коронавирус жок экендигин тастыктаган аныктамасы болуусу шарт", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 17-июнга карата Тажикстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 5 миң 211 адамга жетти. 3 миң 700 бейтап айыгып чыкса, 51 адам илдеттен улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан