
Вьетнамдын Хошимин шаарындагы аба майданында турист аял учактан түшүп баратып жерге кулап кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, турист аял 50 жашта болгон.
"Маркум үй-бүлөсү менен Хюэ шаарынан келген. Ал учактын башка жүргүнчүлөрү менен бирге траптан ылдый түшүп бара жатканда тең салмактуулугун жоготуп, тепкичтен жерге кулап кетти. Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген. Ал башынан катуу жаракат алган. Дарыгерлер өмүрү үчүн акырына чейин күрөштү. Тилекке каршы бир суткадан кийин ал каза болуп калды. Ал эми маркум каза болгон каттамга жооптуу авиакомпания аба ырайы жылуу болгондуктан, траптын тепкичтери кургак болгонун белгилешкен. Эми окуянын себептерин иликтөө боюнча иштер башталды", - деп жазылат маалыматта.