Бишкек шаарында 125 килограмм сымапты сатмакчы болгон жарандар кармалды

5-сентябрда Бишкек шаарында 125 килограмм сымапты сатмакчы болгон 2 жаран кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 1972-жылы туулган Б.З., 1976-жылы туулган С.М. жана О.Э айдап жүргөн унаадан 1,5 литрлик желим бөтөлкөгө куюлган 63 килограмм салмактагы сымап табылган. Алар бул затты 22 миң долларга сатмакчы болушкан. Андан аркы изилдөөлөрдүн натыйжасында аталган жарандардын жашаган жеринен 62 килограмм сымап табылган. УКМКнын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда бул иштерге тиешелүү болгон адамдарды табуу максатында иликтөө иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан