Жалал-Абад. Облуста жыл башынан бери почта аркылуу 24 890 кат жөнөтүлдү
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери "Кыргыз почтасы" ишканасы аркылуу жашоочулар тарабынан 24 890 кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда аталган ишкананын адиси Бурайма Жусупова билдирди. Айтымында, почта аркылуу 8 айда 1842 адам акча которуптур. "Почта кызматын жашоочулар жакшы эле колдонушат. Өзгөчө экспресс почтаны Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Сузак, Базар-Коргон районунун тургундары көп колдонушат",- дейт Жусупова. Жогорудагыдай кызматтарды аткаруу менен мамлекеттин бюджетине каражат түшүрүү менен катар, почта кызматкерлери айлык акы менен камсыз болорун кошумчалайт ал.