Өлкөдө дагы 14 медициналык кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды

Бүгүн, 18-июнда адаттагыдай эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус боюнча жаңы статистикаларды айтты. Анын айтымында, соңку сутка ичинде дагы 14 медициналык кызматкерден инфекция аныкталган.

Алардын ичинен:
• Бишкек шаарында – 5;
• Чүй облусунда – 2;
• Ош шаарында – 4;
• Нарын облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу медициналык 509 кызматкерге коюлду, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Буга чейин министрдин орун басары айыккан адистер кайрадан жумуштарына кайтып жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан