Пекинде коронавирустун күтүүсүздөн кайра пайда болушу Кытайдын ички саясатына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай пикирди орусиялык саясий серепчи, саясат илимдеринин доктору Игорь Панарин "Дүйнөлүк саясат" деген аталыштагы өзүнүн көрсөтүүсүндө билдирген.
Серепчинин айтымында, учурда Пекинде 200 миңге жакын жаран карантинге алынган.
"Пекинде 15-июндан баштап кайрадан аскердик абал киргизилди. Ал жакта коронавирустун кайрадан күч алышын "Синфади" аттуу ири базарында сатылган лосось балыгы менен байланыштырып жатышат. Азарынча бул жалгыз расмий маалымат. Чын эле ошондойбу убакыт көрсөтөт. Себеби Кытай бийлиги бул тууралуу кенен маалымат бере элек. Белгилей кетүүчү нерсе, вирус тараган делинген лосось балыктары ал жакка Норвегиядан келет. Эми ал компаниянын акцияларынын баалары түшүп кетти. Таң калычтуусу Кытай коронавирусту жеңгенин март айынын соңунда жарыялган. Арадан аз убакыт өтүп, ал кайрадан күч алды. Болгондо дагы Пекинде. Учурда миллиондогон калкы бар бул шаардагы бардык базарлар жабылды. Бул нерсе өлкө боюнча туруксуз абалдын түзүлүшүнө алып келет. Демек, Кытайдын ичиндеги ички саясаттын дагы Кытайда болуп жаткан акыркы окуяларга таасири бар болушу мүмкүн деген божомолдорду айтса болот. Кытайда өкмөт менен бийликтин ортосунда тымызын атаандашуу бар экенин эскерте кетейин", - деген саясий серепчи.