Португалия курамасынын жана италиялык "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу, дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду өзүнүн карьерасында катары менен эки жолу финалдык оюндарда утулуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июнда Рим шаарындагы "Олимпико" стадионунда Италия Кубогунун финалында "Наполи" командасы "Ювентус" командасы менен кез келди. Оюндун негизги убактысында эсеп саны ачылбай, пенальтилер сериясы болуп, 4:2 эсебинде "Наполи" командасынын жеңиши менен аяктады.
Буга чейин "Ювентус" командасы Италия Суперкубогунда "Лацио" командасына 3:1 эсебинде жеңилип калган.
Муну менен Криштиану Роналду алгачкы жолу өзүнүн карьерасында катары менен эки жолу финалда жеңилди. Ал "Ювентус" командасына 2018-жылы келип кошулган жана команда менен жалпы 83 оюнга катышып, 56 гол жаратканга жетишти.