Ош шаарынан ажылык сапарга баруучулар 18-сентябрда учушат

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарындагы "Сулайман тоо" борбордук мечитинде ажылык сапарга бара тургандар зыяратчыларга жыйын өткөрүлдү. Жыйында Ош шаардык мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев 6 ажы башчыны зыяратчылар менен тааныштырып, ажылык сапар убагында алардын айткандарынан чыкпай, ажылык ибадатын Алла үчүн аткарып келүүгө чакырды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. “Бул жылы Ош шаарынан ажылык сапарга 288 киши барат. Зыяратчылар 6 топко бөлүндү, ар бир топтун башында бирден ажы башчы турат. Буюрса, 18-сентябрда 2 топ, ал эми  22-сентябрда 4 топ Ош шаарынан учуп кетишет”, - деп жазылган билдирүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан