Барнаулда зоопарктагы жаныбарлар өлүп жатат. Зоопарк жетекчиси адамдарды андагы жаныбарларга тамак бербөөгө чакырды

Алтайдын Барнаул шаарындагы зоопарктагы 3 тыйын чычкан бир күндө өлүп калган. Орусиялык маалымат булактары бул ага келген адамдардын айынан болгонун жазышууда. Зоопарктын директору тыйын чычкандарга зоопаркка келген адамдар тамак беришкенин, алар андан ууланып калышканын билдирген.

Ошондой эле ал жарандарды зоопаркка келгенде жаныбарларга тамак-аш берүүгө такыр болбой тургандыгын, бул үчүн атайын кызматкерлер бар экенин айткан.

"Бул жөнүндө зоопаркка келгендерге дайыма эскертилип турганы менен бул жорукту улантышат. Бул зоопарктагы жаныбарлардын келген адамдардын айынан өлгөн биринчи учуру эмес, буга чейин бугу да ага берилген тамактан өлгөн. Жакында эле пантераны өлүмдөн араң алып калдык", - деген ал.

Ошондой эле зоопаркта бул тууралуу эскертүүлөр бир нече жерге жазылганы менен адамдар аны олуттуу кабыл алышпаганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-06-19 12:57:50
Аа жакшы Барнаулга барып калсак эске алабыз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан