“Дипломаттык номур” аттуу 4 сааттык рейдде 178 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

“Дипломаттык номур” рейди учурунда 4 саат ичинде 178 жол эрежесин бузуу катталганын ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 6-сентябрда ТИМдин демилгеси менен өткөрүлүп, анда Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берилген чет элдик өкүлдөрдүн унаалары текшерилген. ШКУнун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлгөн рейд учурундагы эреже бузуулар:

-23 айдоочунун тиешелүү документтери жок болгон;

-21 айдоочу уюлдук телефон менен сүйлөшүп бара жатып кармалган;

-40 айдоочу унааны туура эмес жерге токтоткон;

-1 айдоочу МАИ кызматкерлерине баш ийбей, качып кетүү аракетин көргөн;

-43 унаанын терезелери караңгылатылган болгон;

-6 унаа мамлекеттик номурсуз болгон;

-24 айдоочу коопсуздук курун тагынбай унаа башкарып жүрүшкөн;

-5 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөн;

-2 унаа тиешелүү түрдө катталган эмес;

-10 унаа кесилиштен өтүү эрежесин бузуп кармалган.

Бул рейддин жыйынтыгында 53 унаа унаа токтотуучу жайга коюлган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher89
2013-09-09 22:39:03
Деги эле жол эрежесин бузбаган жок окшойт озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан