"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловду сот 5 жылга эркинен ажыратты

Криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловго карата соттун чечими чыкты. Чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алган.

Ага ылайык, судья Адылбек Эсенбаев аны 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ал "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. да айыпталып жаткан. Сот аларды 13 жылдан камакка алуу чечимин чыгарды. Мындан тышкары алар 190 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2020-06-19 12:58:28
Адам өлүп атса таң калыштуу бейбаштык менен соттоп жатышса, эмнеге адам өлтурүү эмес?!
+10
rafo80
2020-06-19 12:59:07
Адам өлтүрүүгө кантип 5 жыл берсин тооба кылдым.
+7
Bars88
2020-06-19 13:03:12
Соттун адилеттулугу башчысына 5 жыл калганына 13 жыл
+7
algakaray
2020-06-19 14:42:18
Эртен эле чыгып кетет. Чыкпаса да турмодо волядагыдай жашайт да
+6
Azamat_15
2020-06-19 23:29:11
Сыдыман 6 жыл Доо 5 жыл
+1
Ulik-real
2020-06-19 23:44:07
Бул эмнеси карапайым болбогон нерсеге 10,15жылга кетет а булар,эмне деген жашоо болтат
+1
alishsapan
2020-06-20 08:18:17
2 адам өлтүрсө 5 жыл. Садыр жапаров күнөсү жок 8 жыл кайран кыргыз элим ай сот эмей эле бок болуп калды
0
aerforce
2020-06-22 08:36:23
Соттоп эле эртеси эле эл менен жургон болушат ушулар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан