АКШда Советтер союзунун коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы, Советтик мамлекеттик ишмер Никита Хрущевдун баласы Сергей Хрущев 85 жашында каза болду. Бул тууралуу Никита Хрущевдун небереси Нина орусиялык басылмаларга билдирген.
"Ал бүгүн Род-Айленд штатындагы Кранстон шаарында каза болду" деген Нина.
Сергей Хрущев космостук системдердин конструктору болуп иштеген. Ал 1963-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. 1990-жылдары ал АКШга көчүп кеткен жана 1999-жылы аталган өлкөнүн жарандыгын алган.
Анын өлүмүнүн себеби такталууда.